Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ош шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 120 куткаруучу, 30 аскер кызматкери, ошондой эле ИИМ кызматкерлеринен 170 милиция кызматкерлери, “Тез жардам”, жашылдандыруу, шаардык жол башкармалыгынан, транспорт кызматынан техникалар тартылган.

Ош, Сулайман-Тоо РЭСтин бир катар постанцияларын, Кара-Суу РЭСке караштуу Беш-Мойнок подстанциясын сел жууп кетип, электр энергиясы өчкөнүнө байланыштуу Фер-Ас, Большая рыбка скважиналары, номер жетинчи, Актан, Карашев скважиналары, 222-223 кварталына суу берүүчү скважина иштебей турат. Андан сырткары суу насостук станциясын, таза суу түтүктөрүн да сел алып кеткен.

Ош шаарынын аймагындагы 8 өтмөктү сел агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кара-Суу районунда 340 үйдү суу каптаган. Ош облусу боюнча 430 куткаруучу иштеп жатат. Ал эми 120 куткаруучу иштеп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты