Селдин кесепети: 20-апрелден бери 17 адам каза болду

  • 2 месяца мурун

Быйылкы жылдын 20-апрелинен 1-июлга чейин өлкөдө селдин кесепетинен 17 адам каза тапты, алардын сегизи — жаш балдар.

Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкармалыгынын офицери Кубаныч Темирбек уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул эле мезгил аралыгында республика боюнча 250 сел катталган. Алардын ичинен Жалал-Абадда — 61, Ош облусунда — 71, Ош шаарында — 6, Баткен облусунда — 66, Таласта — 13, ал эми Нарында 5 сел кырсыгы катталган.

Жалпы чыгым 172 миллион 956 миң сомду түзгөн. Бирок бул акыркы чек эместиги, эсептөөлөр дагы деле жүрүп жаткандыгы айтылды.

Кубаныч Темирбек уулу Ноокат районунда 28- июнда жүргөн селден улам 28 турак үй жарактан чыгып, 2 социалдык объект, 15 чакырымдык автожол бузулуп, 29 баш ири жана бодо мал жабыр тарткандыгын кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты