“Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт.” Президент каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селдин жүрүшүнөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Урматтуу мекендештер!Баткен, Ош облусундагы табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм.

Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык.

Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды.

Белгилеп кетчү жагдай, тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшады. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда» деп айтылат анда.

«Учурдан пайдаланып, четте карап турбай, куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылып, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарыбызды да ыраазычылык менен белгилейм.

Бул дагы болсо улутубуздун ынтымагынын бекемдигин көрсөттү.

Эми мындай окуялар кайталанбасын деп Кудайдан тилейли.

Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт.

Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт» деп айтылат көңүл айтууда.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда. Акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 10го жеткени маалымдалды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты