Селден жабыркагандарга Казакстан элинен гуманитардык жардам келди

Кечээ, 30-июнда саат 22:30да Казак Республикасынан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна учуп келди.

Селден жабыркаган ноокаттыктарга келген гуманитардык жардам турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Ноокатта селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9га жеткени расмий кабарланды.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында жамгыр катуу жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен. Унаада 5 киши болгону кабарланды. Кырсык болгон учурда айдоочу жүргүнчүлөрдүн бирин куткарып калган, төрт адам агып кеткен.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты