Селден жабыркаган Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды

  • 1 неделя мурун

27-сентябрда Министрлер Кабинетинин  жыйынында 2024-жылдын август айында селден жапа чеккен Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды. 

Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган. 

Токтом долбоору президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.

Темир айылынын тургундарын кайсы жакка көчүрүү каралганы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.  

19-августта Ысык-Көл районунун Темир айылында болжол менен 100дөн ашуун үйдүн короо жайларын каптаган.

Сүрөт: сел учурунда. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты