Селден жабыр тарткандарга боордош казак элинен гуманитардык жардам келди  

Бүгүн, 19-июлда, Казакстандан Кыргызстанга селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында айтылгандай, “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган элибизге жардам Алматы шаарынан келди.

“Жардам кайрымдуулук фондуна негизинен казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар” деп айтылат маалыматта.

Аталган фонддун жетекчиси Перизат Кайрат экендиги белгиленди.

Бүгүн таң эрте кыргыз журтчулугуна «Ак-Тилек» чекара өткөрмөсүнөн кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартканы белгилүү болду.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты