Селден улам Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди  

  • 1 месяц мурун

Селдин кесепеттерин жоюу максатында Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады.  

ӨКМдин бүгүн, 12-августта, саат 09:00гө карата маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ƟКМ) 60 куткаруучу, 3 мотопомпа, мындан сырткары коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, мэриядан экскаватор, жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан экскаватор, эки жүктөгүч, жеке менчик эки самосвал, эки “Хово” тартылган.

Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатат.

11-августта Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суу көчөлөрдү каптады жана “Жүдөмүш” каналында сел жүрдү.

11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел каптаган.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетти. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Сүрөт: ӨКМ


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты