Сел суусу Кара-Сууда 600дөн ашык, Ошто 140тан ашык үйдү каптаган

  • 2 месяца мурун

Баштапкы маалымат боюнча 14-июль күнү селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу району 642 үйдү, Ош шаарында 146 үйдү сел суусу каптаган.

Кара-Суу району боюнча үч айыл аймакта, тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта 4 мектеп, бала бакча,  2 оорукана, музей жана  ФАПка, 642 турак үйгө суу кирген.

Ош шаары боюнча бала бакчага, 146 турак үйгө сел суусу кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тактоо иштерин улантууда.

14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында 14-июлда жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты