Сел суусу каптаган “Рух Ордо” маданий борбору тазаланууда  

  • 1 месяц мурун

12-августта саат 21:30да нөшөрлүү жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Кокту-колоттордон келген сел суусу шаардагы дүкөндүн, 7 турак жайдын короосун жана Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган.

Ошондой эле Бактуу-Долонотуу айылындагы үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.

13-августта таң эрте 46 куткаруучу “Рух Ордо” маданий борборун тазалоого киришти.

Жеринде жарандык коргонуу кызматынын  инженердик эки техникасы тартылган.

Борборду ыкчам тазалоо максатында кошумча күч катары ӨКМдин дагы 75 куткаруучусунун жана техника тартылуусу күтүлүүдө.

Чолпон-Ата шаарында 12-августта кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан турак үйдүн, дүкөндүн короосуна кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу максатында 12-августта Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел каптаган.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетти. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты