Сел агызып кеткен бир кыздын сөөгү табылды

  • 2 месяца мурун

Изделип жаткан 2017-жылы туулган Н.С. аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахрихонсой сайынан табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кыздын сөөгүн «Достук» чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Учурда селге агып кеткен эки аял жана 2 кичине кыз изделүүдө.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. 420 адам эвакуацияланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты