Сауд Арабиясында ажылык маалында катуу аптаптан 550дөй зыяратчы каза болду

  • 4 месяца мурун

Сауд Арабиясындагы ажылык маалында катуу аптаптан кеминде 550 зыяратчы каза болду. Дүйшөмбү күнү Меккеде абанын табы 51,8 градуска жеткен.

Ыйык жерлерде кезекте турган зыяратчылардын көлөкөлөчү жери жок болгон.

Каза болгондордун 300дөн ашыгы — Египет жарандары. Ошондой эле ысыктан жабыркагандардын арасында Тунис, Иордания, Иран, Сенегал, Индонезия жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Жалпысынан 2700дөй зыяратчы ооруканаларга жеткирилди.

«Франс Пресс» агенттиги 19-июнда зыяратчылар арасында ысыктан каза болгондордун жалпы саны 577 адамга жеткенин кабарлады.

Сауд Арабиясынын өкмөтү өткөн аптада 2000дей зыяратчы ысыктан улам дарыгерлерге кайрылганын билдирген.

Быйыл Меккеге 1 миллион 800 миңден ашуун адам ажылык зыярат үчүн барды. Өткөн жылдагы ибадат учурунда ысыктан кеминде 240 адам каза болгон.

Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат.

Сүрөт:AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты