“Сапар Исаков Россияда Путиндин колдоосу менен коом алдына чыкты” деген сүрөт 2017-жылы тартылган

16-апрель күнү Кундуз Ажибекова аттуу Фейсбук колдонуучусу “Экс-премьер-министр Сапар Исаков коом алдына чыкты” деген билдирүүнү бөлүшкөн. Маалыматта Сапар Исаков Владимир Путиндин колдоосуна алынып, сыйлуу конок катары кабылданып жатканы айтылат. 

“Сапар Исаков Россияда Путиндин колдоосу менен коом алдына чыкты” деген сүрөт 2017-жылы тартылган

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Сүрөт 2017-жылы тартылган

Экс-премьер-министр Сапар Исаков азыр коом алдына чыгып, кайрадан саясатка аралаша баштаганы тууралуу жасалган кыйыртма билдирүүдөгү сүрөт 2017-жылы 28-сентябрда тартылган.  Сапар Исаков бул  иш сапарында Россиянын премьер-министри  Дмитрий Медведев менен жолугушкан. 

“Сапар Исаков Россияда Путиндин колдоосу менен коом алдына чыкты” деген сүрөт 2017-жылы тартылган

Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков Вячеслав Володин жана Дмитрий Медведев менен жолугушкандан кийин, Россиядагы “Сколково” инновациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Сапар Исаков жамааттык пайдалануу борборлорун, илимий лабораторияларды жана “Сколково” борборунун стартаптарын көрүп чыккандан кийин, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү “Сколково” эл аралык гимназиясында да болгон.

Сүрөт дал ушул “Сколково” эл аралык гимназиясынын алдында тартылган. 

“Сапар Исаков Россияда Путиндин колдоосу менен коом алдына чыкты” деген сүрөт 2017-жылы тартылган

Сапар Исаковдун чуулуу баяны жана коррупцияга айыпталышы

Сапар Исаков буга чейин бир канча коррупциялык схемада фигурант болгону тууралуу айып тагылган. 

Алардын бири Улуттук Тарых Музейиндеги чууга байланыштуу болгон. 

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген.

2018-жылы май айында депутаттар реконструкцияланган музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Териштирүүнүн натыйжасында ремонттун баасы ашыра көтөрүлгөн деп билдиргилген.

Бул иш менен Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык иштер бир кылмыш ишине бириктирилген. Жазык кодексинин 303-беренеси “Коррупция” беренеси боюнча алты адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков да болгон.

Мамлекеттик айыптоочулар Исаков “өз ыйгарым укуктарын аша чаап, укукка каршы туруктуу байланыш иштеген” деп айтышкан. Мындан сырткары Сапар Исаков ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга да айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы  9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны “Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сапар Исаковго ага чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. Бул иш боюнча ал 15 жылга кесилген.

Кийинчерээк Жогорку Сот экс премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Мира Карыбаевага карата Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарган.

Кийинчерээк Сапар Исаков 2020-жылы 6-октябрдагы башаламандык учурунда Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес. Исаковго эл аралык издөө жарыяланган. 

Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Сапар Исаков социалдык тармактар аркылуу бир эки жолу билдирүү бөлүшкөн. Азыркы учурда Исаковдун кайсы жерде экени тууралуу маалымат жок. 

Жыйынтык: “Сапар Исаков Россияда Путиндин колдоосу менен коом алдына чыкты” деген сүрөт 2017-жылы тартылган. Исаковдун кайсы жерде экени азырынча белгисиз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты