Санкт-Петербургдагы жолугушууда мигранттар каттоого туруу кыйынчылыктары тууралуу айтты     

  • 2 месяца мурун

Санкт-Петербург шаарында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова биргелешип,  эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандарын кабыл алышты.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.  

КРнын Санкт-Петербургдагы башкы консулу Алтынай Сакеева бул шаарда 50 миңдей кыргызстандык жашай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага мигранттардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушун коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Атап айтканда, жолугушууга келгендердин көпчүлүгү миграциялык каттоого туруу учурундагы кыйынчылыктарга нааразы болушту. Алардын айтымында, кезек күтүүнүн мөөнөтү узак болгонуна байланыштуу алардын документтери убагында бүтпөй калып жаткан. 

Андан тышкары, мигранттар каттоого турушу керек болгон турак жайдын ээсинин болушу талап кылынат.


«Мындай кыйынчылыктардан улам мигранттар өз убагында миграциялык каттоого турууга үлгүрбөй, Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болууда» дейт диаспора өкүлү.

Ошондой эле, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү административдик мыйзам бузгандыгы үчүн өлкөдөн депортациялоо менен байланышкан мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл бурушту.
«Жакында эле, Кыргызстандын Россияда эмгектенип, жашап жүргөн жаранынын жолдошу мага телефон чалып кайрылды. Анын айтымында, жубайын административдик тартип бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарып жатышканын айтты. Сот депортациялоо чечимин чыгарган. Азыр ал келин Санкт-Петербург шаарынын Красное айылындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Анын кичинекей балдары кароосуз калган» деди кыргыз диаспорасынын өкүлү.

Жамиля Жаманбаева бул маселени жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирди.
Москалькова жеринде өз кызматкерлерине мигранттардын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Сүрөт: Акыйкатчы басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты