Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулап кеткен

  • 2 недели мурун

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулап кетип, аман калганын жергиликтүү басылмалар жазды.   

Маалыматта айтылгандай, өткөн түнү, 3-сентябрда, Петербургдун Москва районунун Застава көчөсүндө кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулаган. Кулап кеткенден кийин аны машина менен алып кетүүгө аракет жасалган.

Жабырлануучу көптөгөн жана оор жаракат алган, бирок аман калган. Маалыматта айтылгандай, аны «үч мигрант терезеден ыргытып жиберген, анын экөө эркек, жана бир кыргыз кыз» деп айтылат.    

Полиция окуя болгон жерге барып, кулап түшкөн кыз 21 жашта, Кыргызстандын жараны экенин аныктаган.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты