Санкт-Петербургда 6-кабаттан кулаган кыргызстандыктын абалы оор  

  • 1 неделя мурун

4-сентябрда Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттан кулап кеткен Кыргызстандын жараны тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымат берди.

ТИМдин маалыматында мындай деп айтылат:

“2024-жылы 3-сентябрда болжол менен саат 02.00дө полиция кызматы окуя болгон жерге барган. Жабыркаган кыз бир нече жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен эки КРнын жараны 2001-ж.т. М.Б. жана 2001-ж.т. С.Ш. кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат.Жабыркаган КРнын жараны, 2002-ж.т. А.Б. учурда ооруканада  жана анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”

Бул факт Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугунун көзөмөлүндө жана консулдук РФнын тиешелүү органдары менен байланышта экени белгиленди.

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулап кетип, аман калганын жергиликтүү басылмалар жазды.   

Маалыматта айтылгандай, өткөн түнү, 3-сентябрда, Петербургдун Москва районунун Застава көчөсүндө кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулаган. Кулап кеткенден кийин аны машина менен алып кетүүгө аракет жасалган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты