Санарип министрлиги Павел Дуров кыргыз жарандыгын албаганын билдирди

  • 11 часов мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Махтум Искендеров «Азаттыкка» билдирген.

“Павел Дуров Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбейт. Ага жарандык берүү маселеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде каралган жок”, — деген ал «Азаттыкка» берген билдирүүсүндө.

Аталган маалымат каражаты Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 10-сентябрдагы жыйынында “коомдо Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылып жатканын” билдиргенин жазды.

Эске сала кетсек, 24-августта Павел Дуров Францияда кармалган эле. Париж прокуратурасы Telegram’дын негиздөөчүсүн 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген. Алардын арасында киберкылмыштуулук, акча адалдоо жана криптологиялык жабдууларды алдан ала декларациядан өткөрбөй импорттоо кылмыштары бар. Андан мурун июнда Павел Дуров Кыргызстанга, Ысык-Көлгө келип кеткен.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты