Самарада мигранттарга базарда жана коомдук тамактануу жайларда иштөөгө тыюу салынды

  • 3 недели мурун

Орусиянын Самара облусунда мигранттарга коомдук тамактануу жайларында иштөөгө, базарлар менен күркөлөрдө сатуучу болууга, ошондой эле аларга имараттарды ижарага берүүгө тыюу салынды.

Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Вячеслав Федорищев аймактагы соода менен алектенген бардык ишканаларды үч айдын ичинде патент менен иштеген бардык мигранттарды жумуштан кетирүүгө милдеттендирди.

«Idel.Реалии» басылмасынын маалыматына караганда, облус башчысынын буйругу чет өлкөлүктөрдүн азык-түлүк, суусундук, тамеки, текстиль, кийим-кече, бут кийим жана башка товарларды чекене сатып иштөөсүнө тыюу салат. Мындан тышкары мигранттарга сүт, нан азыктарын, балдар үчүн тамак-аш, ичүүчү суу өндүргөн ишканаларда, коомдук тамактануучу жайларда, ошондой эле азык-түлүк жеткирүү кызматтарында, алкоголдук ичимдиктерди, тамеки, дары-дармек, жумуртка жана сүт азыктарын чекене саткан мекемелерде иштөөгө тыюу салынды.

Жергиликтүү бийлик бул чектөөлөр «жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эмгек рыногун коргоо максатында» киргизилгенин билдирди.

Быйыл февралда Самара облусунун ошол кездеги губернатору Дмитрий Азаров патенттин негизинде иштеген мигранттардын таксиде, коомдук транспортто, билим берүү тармагында, ошондой эле кызматкерлерди тандоо агенттиктеринде жумуш кылуусуна тыюу салган.

Буга чейин мындай чектөөлөр Орусиянын 18 аймагында киргизилген. Алардын арасында Калининград, Калуга, Новгород, Новосибирск, Самара, Тула, Челябинск облустары, ошондой эле Камчатка, Красноярск крайы жана Саха республикасы бар.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты