Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча, финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган.

Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатылып алынган. Ошондой эле, 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган.

Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн  жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 АКШ доллары (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты