Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр экенин билдирди
- 2 года мурун
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбекованын айтымында, оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл аймак ачылат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги зарылдыгына жараша COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн башка саламаттыкты сактоо уюмдарында дагы кошумча орундарды ачууга даяр.
«Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн», — деп белгиледи Жусупбекова.
Биринчи, экинчи дозаны алгандар – бустерди алыңыздар. Анткени башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, учурда COVID-19га негизинен эмделбегендер чалдыгып жатышат».