«Сахароводо» инспекторлор кармалган мигранттардын жакындарынан акча алышкан

  • 2 недели мурун

Орусиянын Тергөө комитети Москванын четиндеги «Сахарово» борборунда тинтүү жүргүзүп жатат. Мекеменин маалымат катчысы Юлия Иванова 3-сентябрда билдиргендей, рейд алдамчылык иши боюнча өткөрүлүп жатат.

РБК басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, «Сахаровонун» кызматкерлери 30 миң рублга ал жактагы мигранттарды туугандары менен жолуктуруп, тез арада бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү убада кылышкан.

Shot Телеграм-каналы кеп чет элдиктерди каттаган борбордун эки инспектору тууралуу болуп жатканын жазды. 112 Телеграм-каналы кабарлагандай, инспекторлордун өз кишилери борбордун жанында эле камактагыларды туугандары менен жолуктуруу үчүн беш миң рубль сурап турушкан.

Учурда шектүүлөр сурак берип жатканы маалым болду.

Буга чейин көптөгөн мигранттар, анын ичинде кыргызстандыктар «Сахароводо» кыйноого, мазактоого дуушар болгонун айтышкан. Алтургай борбордун кызматкерлери кармалгандарды уруп-сабаган да учурлар болгону кабарланып келет.

Андан тышкары «Сахароводо» мигранттарды Украинадагы согушка азгырышары айтылып жүрөт.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты