«Сахарово» борборунда Тажикстандын 136 жараны депортацияны күтүүдө

  • 2 месяца мурун

Тажикстандын Орусиядагы консулдугунун өкүлдөрү Москванын четиндеги «Сахарово» миграциялык борборунун жетекчилиги менен жолугуп, анда кармалып турган тажик мигранттарын тез арада депортациялоо маселесин талкуулашты.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө «Сахарово» борборунда Тажикстандын 136 жараны кармалып турат. Алардын арасында аялдар да бар.

Консулдуктан билдиришкендей, борбордогу тажик мигранттарына азык-түлүк жеткирилип, Орусиянын мыйзамдарын кайталап бузуунун кесепеттери жөнүндө маалымат берилди. Бирок мекеменин маалыматында андагы тажикстандыктар канча убакыттан бери кармалып турганы жана алардан «катаал мамилелер» боюнча даттануулар болгон-болбогону тууралуу айтылган эмес.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Тажикстандан барган мигранттар «Сахарово» борборундагы кызматкерлердин катаал жана кемсинткен мамилелерине бир канча жолу даттанышкан.

«Сахароводо» Орусиянын мигранциялык мыйзамдарын бузуп, депортацияланышы керек болгон мигранттар кармалат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты