Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Жыйында ТМУнун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Уюмдун Башкы катчысы болуп дайындалды.

Ошону менен бирге, Президент Садыр Жапаровго чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы эл аралык «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» сыйлыгы тапшырылды.

 Саммиттин аянтчасында Мамлекет башчысы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Ошондой эле, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан демилгеленген «Яшил Макон» улуттук долбоорунун алкагында «Регистан» аянтында Садыр Жапаров, ТМУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана делегация мүчөлөрү биргелешип көчөттөрдү отургузушту.

Иш-чара Өзбекстан менен ТМУ саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосунда телекөпүрө форматында өттү.

11-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты