Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 2 часа мурун

Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис», — деп айткан өлкө башчы өз сөзүндө.

Ошондой эле Жапаров журналист жарыялаган ар бир журналисттик материал коомдук пикирди жаратарын, ошондуктан бул кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгилеген.

Садыр Жапаров Кыргызстанда бул кесиптик майрам тунгуч гезит — «Эркин Тоо» гезитинин чыгышы менен белгиленип калгандыгын айтып, бул гезитке бүгүн 100 жыл толгондугун баса белгилеген.

«Сиздерди бүгүнкү кош майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чыгармачыл эргүү, кенен ой-чабыт каалайм жана ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин. Элибиз күткөн жаңылыктарды даярдоодо кылган эмгегиңиздер ар дайым канагат алып келсин, мээнетиңиздер акталып эң жакшы жыйынтыкка – жалпы окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын сый-урматына ээ болуңуздар»,- деген өлкө башчы куттуктоо сөзүндө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты