Садыр Жапаров өзбек машыктыруучусу Акмал Хасановго ыраазылыгын билдирди

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановду Бишкекте кабыл алып, кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде автоунаа белек кылды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир-бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун” деди Жапаров.

Хасанов президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен мурда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга ойлонбостон макул болгонун айтып берген.

Париж Олимпиадасында күмүш медаль алган кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулун курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу Акмал Хасанов жарым финалга чейин секундант катары коштоп чыкты. Кыргыз мушкери финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен чыккандыктан, Акмал Хасанов секундант боло алган эмес.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париждеги ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медаль алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медаль уткан.

Сүрөттө: Мунарбек Сейитбек уулу. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты