Садыр Жапаров Тоолуу Карабакка барды

  • 3 месяца мурун

5-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжандагы иш сапарынын алкагында Тоолуу Карабакка барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен чогуу Шуша шаарында курулуп жаткан борбордук мечитти, жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты. Анын ичинде 8 гектар жерди ээлеген «Шуша» жаңы турак-жай комплексине барды.

Президент Жапаров Азербайжанда 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн барган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты