Садыр Жапаров: «Рустам Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт»

  • 4 дня мурун

Президент “Кабар” агенттигине берген маегинде уулу Рустам Жапаров жана бир туугандары боюнча да айтып берди.  

“Ал эми Рустам жана бир туугандарыбыз боюнча айта турган болсом, бир дагы бир тууганыбызды мамлекеттик иштерге аралаштырган жокпуз жана аралаштырбайбыз. Мен аларга мамлекет менен иш кылбагыла деп дайыма айтып келем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек” деди Садыр Жапаров.

“Рустам болсо инвесторлорду тартуу менен алек. Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт. Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.

Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт” деди президент “Кабарга” берген маегинде.

“Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле? Тескерисинче, “келе” дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.

Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына: “Балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот”, — деп айтып турам” деди Садыр Жапаров.

«Өлкөдө 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар»

Ошондой эле акчасын оффшорлорго сактаган байлар тууралуу да айтты:  

-Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын оффшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.

Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтаар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин.

Ии баса, дагы бир чоң долбоор бар. “Тамчы” аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салып башташты. Ал жерде 90 гектар жер бар. 10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салуу, аны эки жылда ишке киргизүү. Кийин анан жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын. Азиз Суракматов деген жигитибиз “мен бирөөнү салам” деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз.

Албетте, биринчи өзүбүздүн ички инвесторлорго басым жасасак жакшы болот эле. Себеби кийин тапкан таза кирешелери толук бойдон өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Тыштан келген инвесторлордон деле зыян тартпайбыз. Акча кирет, жумуш орундары түзүлөт, салыктар түшөт. Бирок таза кирешелерин өздөрү алып кетишет да” деп айтты маекте Садыр Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты