Садыр Жапаров Рим Папасы менен жолугуп, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 4-октябрда Ватиканда Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик, көп улуттуу мамлекет экенин белгилеп, мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдээрин жана дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпээрин айткан.

«Конфессиялар аралык ынтымак тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной турганын кошумчалады»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми Рим Папасы Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Рим Папасы Францискти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

Эске сала кетсек, 2-октябрда Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий иш сапар жасоо үчүн учуп кеткен. 3-октябрда ал Римде Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Расмий иш сапарга президент менен бирге курамында  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,  — Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, юстиция министри Аяз Баетов,  президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бар болгон делегация катышууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты