Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты 

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 26-июлда Франциянын Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алганын билдирди.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү.

Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү.

Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты.

Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарында 16 спортчу спорттун беш түрү — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты