Садыр Жапаров Париждеги кыргыз элчилигинин жаңы имаратын көрдү

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин Париждеги жаңы имаратына барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурда Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имарат ичинде иштеп келишкен. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкандыгы айтылды.

Садыр Жапаров элчиликтин имаратын көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине жакшы каалоо-тилектерин эстеликке жазуу түрүндө калтырган.

Ошондой эле, “Президент анын тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Венгриядан имарат сатылып алынганын, Швейцария, Австриядан жана Новосибирск шаарынан (Россия Федерациясы) кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди” деп айтылат маалыматта. Нью-Йоркто (АКШ) жана Берлин шаарында (ГФР) дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатылып алынары белгилүү болду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты