Садыр Жапаров Парижде саммитке катышты

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров Франциянын борбору Парижде “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган саммит Эл аралык олимпиада комитети жана Франция президентинин Канцеляриясы тарабынан уюштурулган. Иш-чарага мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спорттук кыймылдын жана финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле, спортчулар болуп жалпысынан 500гө жакын адам катышкан.

Саммитте ири чемпионаттарды жана Олимпиада оюндарын өткөрүү барган сайын саламаттыкты сактоо, тамактануу, билим берүү, инклюзия жана теңдик сыяктуу социалдык аспектилерди эске алып келери айтылган.

“Алар (ред.чемпионаттар) ошондой эле, тилектештик, туруктуу инвестиция жана экологиялык маалымдуулук маселелеринде, айрыкча спорттук инфраструктурада жана ири спорттук иш-чаралардын көмүртек изин азайтууга умтулууда негизги ролду ойнойт” деп жазылган маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты