Садыр Жапаров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 20 часов мурун

Бүгүн, 5-октябрда Кыргызстанда жалпы билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Өлкө башчы мугалимдерди жана өлкөдөгү билим берүү тутумунун кызаткерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаров мугалим — дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлерин тарбиялаган устат экенин баса белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирген.

«Эң алды өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого чексиз салым кошуп келаткан жалпы педагогикалык жамаатка өзгөчө ыраазычылык билдирем».

Ошондой эле өлкөдөгү билиим сапаты мугалимдин деңгээлинен көз каранды экендигин айтып, күчтүү мугалимдер өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгилеген.

«Сингапур, Финляндия, Эстония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөр дал ушул билим берүүгө, анын ичинде мугалимдерге өзгөчө көңүл буруунун натыйжасында өнүккөндүгүн жакшы билебиз».

Садыр Жапаров Кыргызстанда билим берүү жаатын өнүктүрүүгө чоң аракеттер жасалып жатканын айткан.

«Биз, буюрса, алгылыктуу билим берүү системасын түптөө менен, мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Азыркы учурда кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса, мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт»,- деген өлкө башчы өз куттуктоосунда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты