Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуу аземи өттү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-июлда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Бул тууралуу КР президентинин сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчылар өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты