Садыр Жапаров: “Медицина тармагына өзгөчө маани берилип жатат”

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу ден соолук сакчылары!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Медицина кызматкери – өзгөчө кесип! Адамдардын ден соолугуна кам көрүп, узак өмүр тартуулоо менен өз жашоосун ары жоопкерчиликтүү, ары аздектелген ишке байлаган адамдардын кесиби.

Улуттун саламаттыгы – өлкөбүздүн башкы баалуулугу!

Ошондон улам, мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоо тармагын модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жабдуунун жана эл-журтубузга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет. Жакында эле алыскы аймактардагы элибиздин саламаттыгына кам көрүү иштерин арттыруу максатында жаш адистерге айлыгынан сырткары стипендия чегерүү, врачтын депозитинин суммасын көбөйтүү, ошону менен бирге врачтык, орто медициналык жана кенже персоналдардын маяналарын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду.

Бүгүнкү майрам күнү медицина тармагына өзгөчө маани берилип жатканын, бул жаатта алгылыктуу жетишкиндиктерибизди да белгилей кетели.

Ошондой эле ушул жылдын июнь айында өлкөбүздө боорду алмаштыруу боюнча биринчи операциянын ийгиликтүү өтүшүн дагы мыкты саамалык катары карасак болот. Заманбап медицинада жигердүү өнүгүп келе жаткан трансплантология маселесинин колго алынышы өлкөбүздүн медицина тарыхындагы эң чоң маанилүү жетишкендиктерибиздин бири болду”,- деди Жапаров.

Өлкө башчы медицина тармагын жакшыртууга биргелешип аракет кылуу керек экендигин баса белгиледи.

Буюрса, биз сиздер менен бирге мамлекетибиздеги ар бир жаранга сапаттуу жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүгө жетишебиз!

Келиңиздер, баарыбыз чогуу саламаттык сактоо тармагыбызды алдыга жылдыралы, Кыргыз Республикасы үчүн мыкты медициналык системаны куралы!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, биресе сыймыктуу, биресе өтө жоопкерчиликтүү миссияңыздарды аткарууда албан-албан ийгиликтерди каалайм”,— деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты