Садыр Жапаров: “Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз”

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга жетиштүү шарт түзүлбөй жатат дегендерге “Кабар” агенттигине берген маегинде жооп берди.    

“Мурдагыга караганда спортчуларыбызга азыр Кудайга шүгүр эле көңүл буруп жатабыз. 3 жылдан бери, мисалы, күрөшчүлөрүбүзгө эң кымбат деген витаминдерин камсыз кылып келдик. Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен. Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спортчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат” деди президент.  

Ал эми Олимпиада айылчасында тамак-ашы начар дегендерге мындай деген пикирин билдирди:

«Экинчиден, албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз» деди Садыр Жапаров.

«Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу.

Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы» деди мамлекет башчы Жапаров.

Олимпиада айылчасынын тамак-ашы начарбы деген суроого Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагышев Госинфо телеграм каналына мындайча жооп берген.

-Алгачкы күндөрү чындыгында эле Олимпиада айылчасында ашканаларда чоң кезек болуп жатты.  Уюштуруу комитети атлетчилердин арыз-муңун эске алып, тамак-ашы сапаттык жана сан жагынан да жакшыртылган.  Бир аз убакыттан кийин күрөш, бокс жана дзюдо машыктыруучуларынан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Машыктыруучулардын айтымында, салат, жер-жемиш, экинчи тамактар тиешелүү көлөмдө болуп калды. Ошондой эле Улуттук Олимпиада комитети кошумча улуттук тамактарды: сорпо, жаңы кайнатылган эт, тооктун этин бышыртышты.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты