Садыр Жапаров Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрдаАстана Аренастадионунда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Оюндардын ачылышынын алдында Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Оюндардын ачылыш аземине Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.

Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды.

Андан соң иш-чаранын конокторуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театралдаштырылган шоу көрсөтүлдү. Оюндарга катышкан өлкөлөрдүн чыгармачыл жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

Оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты