Садыр Жапаров: Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге?

  • 1 день мурун

Садыр Жапаров Бишкек шаарынынын тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттордо жол кирени электрондук түрдө төлөөгө чакырып кайрылды. Ал бул кайрылуусун өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Жапаров кайрылуусунда “Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөй турганын, ал эми накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сом бойдон каларын айткан.

Ошондой эле ал накталай менен төлөө айдоочулардын чөнтөгүнө тушүп кетип жатканын билдирип, «Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу», -деген.

Өлкө башчы чоңдор үчүн айына 1020 сомдук, ал эми мектеп окуучулары үчүн 360 сомдук чексиз жол жүрүү билеттерин алса болорун айткан: «Пенсионерлер өз райондорундагы акимиаттардан аталган карточкаларды акысыз ала алышат. Болгону Бишкекте катталуусу болушу керек».

«Ошондуктан тез арада карточка алгыла»,- деген өлкө башчы.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты