Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти

  • 2 дня мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстанга Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Түркмөнстандын борбору Ашхабадга түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.

Садыр Жапаров менен бирге тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азизбек Мадмаровдон турган расмий делегация учуп кеткен.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты