Садыр Жапаров: “Бул Олимпиада  Кыргызстан тарыхындагы эң ийгиликтүүсү болуп калды десем жаңылышпайм”

Президент Садыр Жапаров Парижде өткөн XXXIII ;айкы Олимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн сыйлоо салтанаттуу аземинде куттуктоо сөзүн айтты.

“Бул жолку Олимпиада оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болуп калды десем жаңылышпайм.

Париж Олимпиадасына дүйнөнүн 206 өлкөсүнөн 10 000ден ашуун  спортчу катышты. Кыргызстан 16 спортчусу менен 206 өлкөнүн ичинен медалдык эсеп боюнча 68-орунду ээледи. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду камсыздады. Катышкан 16 спортчубуздун алтоо байге менен кайтып келип, барган спортчулар менен жеңген медалдарынын катышы боюнча биздин өлкө 206 мамлекеттин сап башында турду” деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле Олимп оюндарында байгелүү орундарды алган жана намысты коргоп оюнга катышып, ийгилик жараткан спортчулардын ар бирине ыраазылык билдирди:

“Бул Олимп оюндарынын жыйынтыгы боюнча биздин баатыр балбандарыбыз: Айсулуу, Акжол, Мээрим тарых жаратып, эки ирет удаа Олимп оюндарынын байге ээлери болушту. Аты аталган балбандар, силер бардыгыбызды кубанычка, сыймыкка бөлөдүңөр десем жаңылышпайм. Өзгөчө Айсулуу алтын кызыбыздын жаракатына карабастан, коло байгеси үчүн күрөшү баарыбыздын эсибизде калды десем жаңылышпайм. 
Ал эми бизди эле эмес, бүт бокс дүйнөсүн таң калтырган Мунарбек өзгөчө алкышка, өзгөчө мактоолорго арзыйт.
Олимп оюндарына биринчи жолу катышып жатса дагы, Мунарбек өзүнүн токтоолугу, жөнөкөйлүгү, салкын кандуулугу, ошондой эле өзгөчө техникасы менен айырмаланып, атаандаштарын биринин артынан бирин жеңип келди. Мунарбектин жеңиши Кыргыз боксунун тарыхында Олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Буга чейин Мунарбек Дүйнө чемпионатынын байге ээси болсо, эми Олимпиада оюндарында бокс боюнча алгачкы медалды жеңип, дагы бир жолу кыргыз боксунун тарыхын жаңылады.
Ал эми күрөш өнөрүнүн эң мыкты ыкмаларын көрсөтүп, чеберчилиги менен көпчүлүктү суктандырган Жоломанды жана тажрыйбалуу Үзүрдү өзгөчө белгилегим келет. Булар бүйүр кызыткан күрөш тартуулап, Олимпиада оюндарында өзүнүн медаль эсептерин ачышты. 
Амантур, Айпери, Бекзат балбандарыбызга бул ирет ийгилик жылмайбай, медаль алууга бир кадам жетпей калышты. Силер буга эч капа болбогула, силердин келечегиңер алдыда. Менимче, биздин жаш спортчуларыбыз үчүн дүйнөнүн алдыңкы 5 спортчусунун катарына кирүү дагы чоң жетишкендик.
Ушундай эле медаль утууга бир кадам жетпей калган, биздин эң тажрыйбалуу балбаныбыз Айаал жөнүндө дагы бир-эки сөз айта кетейин. Айаал үч ирет Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын катары менен коргоп келди. Азия биринчилигин жеңди, байге ээси болду. Эми минтип Париж Олимпиадасында өзүнүн жогорку жетишкендиктеги спорттук карьерасын аяктап жатат. Айаал эми өзүнүн мол тажрыйбасын өсүп келе жаткан жаш спортчулар менен бөлүшүп, келечектеги чемпиондорду тарбиялайт деп ишенем. 
Мындан сырткары суучул уулубуз Денистин деңгээли жылдан-жылга өсүп, кыргыз спортчусу тарыхта биринчи жолу сууда сүзүү боюнча 200 метрлик дистанцияда Олимпиаданын жарым финалына катышты. 
Бул жарым финалда Денис Орто Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн арасынан катышкан жападан жалгыз спортчу болуп калды. Бул дагы биз үчүн өтө кубанычтуу.
 Ошондой эле спортчу кызыбыз Елизавета 50 метрлик сүзүү дистанциясында өзүнүн тайпасында биринчи келип бир кубандырса, бул аралыкта Кыргызстандын рекордун жаңылап, экинчи ирет кубантты. Дээрлик 80 спортчунун арасынан 30-орунду алуу бул дагы оңой эмес.
Дзюдочуларыбыз Эрлан, Кубаныч жана балбан уулубуз Эрназар Олимпиада оюндарында тырышчаактыгы, берилгендиги менен элдин эсинде калышты. Булардын келечеги дагы алдыда. Эң негизгиси, бул оюндардан алар баа жеткис тажрыйба алышты деп ишенем.
Олимпиаданын канышасы аталган жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын намысын жападан жалгыз коргогон Сардана кызыбызга дагы ыраазычылык билдирем. Марафон, өзүңүздөр билгендей, эмне деген даярдыкты, эмне деген чыдамкайлыкты талап кылат. Ошол кыйынчылыктардын баарын басып, 42 километр аралыкты чуркап өтүп, 90дон ашык марафончунун ичинен 14-болуп келишинин өзү эле баатырдык. Ошондой эле Сардана кызыбыз бул көрсөткүч менен Улуттук рекордубузду дагы жаңылады” деди президент Жапаров.

Мамлекет башчы ошондой эле машыктыруучуларга, дарыгерлерге, бардык сүрөөнчүлөргө алкыш айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты