Садыр Жапаров: Бийликтин таттуулугун сезген жокмун

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги президенттин мойнунда экендигин 26-сентябрда «Кабар» маалымат агентигине берген маегинде айтты.

Садыр Жапаров маегинде экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун портретинин «Ынтымак Ордодо» илиниши, Аскар Акаев жана азыркы президенттик бийлик тууралуу сүйлөгөн.

«Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет»,-деп маек берген президент.

Ал суроолорго жооп берип жатып, бийликтин таттуулугун сезбегендигин, анткени күнү-түнү дебей элдин тагдырын ойлонорун айткан.

Ошондой эле, Садыр Жапаров жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбой турганын, анархия болуп мамлекет чачырап кете жаздаганын кошумчалаган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты