Садыр Жапаров башкы прокурорду кызматтан четтетүү менен мыйзамды буздубу? Текшеребиз
- 2 года мурун
- Фактчекинг
4-июнь күнү президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланган.
Тескемеде мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынганы белгиленген.
“ПолитКлиника” медиасы бул кадамдын мыйзамдуулугун текшерип көрдү.
Президенттин ыйгарым укугуна кирбейт
2-июнь күнү башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап кетип, жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматына ылайык, министрге “коррупция” беренеси боюнча бир кылмыш иши , “опузалап пара алуу”эки иш , “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелери боюнча төрт иш ачылган.
Бул коомчулукта ар кандай пикирге жол ачып, президент Садыр Жапаровдун айланасындагы аткаминерлердин “тиреши” катары бааланган.
Анткени Алымкадыр Бейшеналиевди кармап кеткенге чейин ал өлкө башчысы Садыр Жапаров менен бирге Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык комплексин ачууга катышкан.
Алымкадыр Бейшеналиев кармалгандан эки күндөн кийин, Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен.
Бирок Конституциянын 70-беренесинин 5-пунктуна ылайык, “мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот” деп жазылган.
Башкача айтканда президент эгер башкы прокурорду кызматтан убактылуу болсо да четтеттүү үчүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбүнүн макулдугун алышы керек болот. Бирок, бул маселе Жогорку Кеңеште каралган эмес. Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева да Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, прокурорду кызматтан четтетүү менен мыйзам бузулганын билдирген.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, Баш мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Өзгөртүүлөрдүн көбү президенттин укугун кеңейтип, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын азайткан.
Жыйынтык: Баш мыйзамга ылайык, президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз баш прокурорду кызматтан четтетүүгө укуксуз.