Садыр Жапаров Бакуда БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына катышууда
- 2 дня мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы Олимпиада стадионуна барды.
Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат.
Конференцияга 50 миңден ден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышууда.
Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.
Делегация башчылары климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин ачылыш салтанатына катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.
Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясында сүйлөйт.
Сүрөттө: Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш конференция башталаар алдында. president.kg