Садыр Жапаров Анкара шаарындагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

  • 9 часов мурун

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарындагы теракттан улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көңүл айтуу телеграммасында өлкө башчы Кыргызстан терроризм кескин түрдө айыптай турарын жана боордош Түркияны терроризмге каршы күрөшүүдө ар дайым колдоорун айткан.

«23-октябрда Анкара шаарындагы «TUSAŞ» компаниясына болгон теракт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм»,- деп билдирген ал катында.

Эске салсак, кечээ 23-октябрда Анкарадагы түркиялык TUSAŞ авиакосмостук компаниясынын өндүрүштүк ишканасында теракт болгон. Теракта 5 адам каза болуп, 22 адам жарадар болгон. алардын экөө оор абалда экендиги айтылууда. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салган үч террорчунун экөөсүнүн жок кылынганын айтып, алардын бирөө аял экендигин билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты