Садыр Жапаров: “Акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм “

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде карындашы Лаззат Нургожоеванын айланасындагы талкуулар боюнча жооп берди.

-Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да, -деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров: «Күлгөнгө күлө жетем деген сөздүн калети жок экен»

Ошондой эле карындашы Лаззат Нуркожоеванын соцтармакта унааларын, иштеген жеринин сүрөттөрүн жарыялап, талаш-тартыш менен коштолгон талкууларды жаратканы тууралуу президент буларды билдирди:

-Албетте, бир-туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем, эми өз башыма келип олтурат.

Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм,-деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоева социалдык тармактарда кымбат унааларын, чет элге сапарларын жарыялап, элдин назарын буруп, талкууга алынып келет. Ал эми жакында анын колун сураган даш жигит менен видеолору социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууга алынууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты