Рустам Жокоев транспорт каражаттарын каттоо боюнча агенттиктин директорлук милдетин убактылуу аткаруудан бошотулду

  • 5 дней мурун

Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Рустам Жокоев транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин сайтында жазылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармашты. 23-сентябрда мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында директор, анын орун басары, айдоочу жана үч кызматкер кармалган.

Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.

«Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди.

“Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек” деп айтты мамлекет башчы “Кабарга” берген маегинде.

“Эми “Унаага” жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам” деп айтты Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент Рустам Жокоевге  президенттин демөөрчүлүк фондунанай сайын 2000 доллар жардам берип турганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты