Римде «Кыргызстан» паркы ачылганы айтылды

  • 2 дня мурун

3-октябрда Италиянын Рим шаарында «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, парктын ачылышына кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, Муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышкан.

Ачылыш аземде эки тарап Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.

«Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты