Рим папасы: Деңиздеги мигранттарга жардам берүүдөн баш тартуу — «чоң күнөө»

  • 3 недели мурун

Рим папасы Франциск Жер ортолук деңиз аркылуу Европага барууну каалаган мигранттарга жасалган мамилени кескин сынга алды. Бул тууралуу «Рейтерс» агенттиги жазды.

«Мигранттар бара жаткан кемелерге жардам бербөө — чоң күнөө. Мигранттарды кабыл албай коюу үчүн бардык ыкмаларды колдонуп, системалуу түрдө иштеп жаткандар бар. Бул чоң күнөө» деди Франциск Ыйык Петр аянтындагы ар жумалык сөзүндө.

Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн чыгып, Жер ортолук деңизинен колго жасалган кайыктар менен өтүп жаткан мигранттар акыркы 10 жылдан бери Европада кызуу талкууларды жаратып келет.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери Жер ортолук деңизден өтүүгө аракет кылган 30 миңден ашык мигрант дайынсыз жоголгон.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты