Reuters: согуш башталгандан бери Орусияга 2,3 млрд накталай доллар жана евро кирген

  • 1 месяц мурун

АКШ менен Европа биримдигинин банкнот экспортуна тыюу салганына карабастан, 2022-жылдын мартынан бери Орусияга накталай түрүндө 2,3 миллиард доллар жана евро кирген.

Бул тууралуу Reuters агенттиги бажы маалыматтарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул доллар жана евро банкноттору Орусияга Москва менен соода жүргүзүүгө чектөөлөрдү киргизбеген Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары өңдүү өлкөлөрдөн алып келинген. Ошол эле маалда жалпы сумманын жарымынан көбүрөөгү кайсы өлкөлөрдөн келгени көрсөтүлгөн эмес.

«Бажы маалыматтары 2022-жылдын март айынан 2023-жылдын декабрына чейинки аралыкты камтыйт. Бул маалыматтар Орусия накталай валюталардын импортун бөгөттөгөн санкцияларды айланып өтө алганын көрсөтүүдө» деп белгиледи Reuters.

Москванын доллар менен евродон көз карандуулукту азайтуу аракетине карабастан, орусиялыктар үчүн бул валюталар сатып алуулар жана саякаттар үчүн зарыл бойдон калууда.

АКШнын өкмөтү 2023-жылы декабрда Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жаткан каржы мекемелерине чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты