Республикачылар президенттик кызматка Трамптын талапкерлигин көрсөтүштү

  • 2 месяца мурун

Дүйшөмбү күнү АКШнын Милуоки шаарында (Висконсин штаты) башталган курултайда Республикалык партиянын Улуттук конвенциясы Дональд Трампты президенттикке талапкер кылып көрсөттү.

Ушул эле күнү Трамп быйыл күзүндө өтө турган шайлоодо вице-президенттик кызматка талапкер катары Огайо штатынан сенатор Жеймс Вэнсти тандады.

Вэнс 2016-жылы Трампты кескин сынга алган. Бирок кийин анын ишенимдүү тарапташтарынын бирине айланып, жогорку кызматтагы башка республикачылар Трамптан жүз буруп кеткенде да аны колдоп турган. Вэнс кезинде Украинага жардам берүүгө каршы чыккан сенаторлордун катарында да болгон.

«Жеймс Вэнс вице-президент катары биздин Конституциябыз үчүн күрөштү улантып, биздин аскерлердин абалына жооптуу болот. Мындан тышкары ал Американы кайрадан улуу кылуу үчүн мага колдон келген жардамын берет» деп жазды Трамп өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө.

Трамп өзүнүн талапкерлиги боюнча сунушту расмий түрдө бейшемби күнү кечинде кабыл алат деп күтүлүүдө.

Республикачылардын курултайы Пенсильванияда өткөн шайлоо алдындагы митинг учурунда Дональд Трампка кол салуу болгондон эки күндөн кийин ачылды. Күн мурун Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоого байланыштуу Трампка козголгон кылмыш ишин токтоткону белгилүү болгон.

Демократтар президенттик кызматка өз талапкерин августтагы курултайында бекитиши керек. Ал өлкөнүн учурдагы башчысы Жо Байден болот деп күтүлүүдө.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрга белгиленген.

Сүрөттө: Сенатор Жеймс Вэнс (оңдо) менен Дональд Трамп. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты