Репрессиянын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бүгүн, 25-июнда саясий жана диний ишеними үчүн жапа чеккен жарандардын укуктарын реабилитациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков, Айбек Маткеримов демилгелеген.

“Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдар аралыгында социалдык, улуттук жана башка негиздер боюнча саясий жана диний ынанымдары үчүн репрессиянын натыйжасында жапа чеккен жарандардын укуктарын реабилитациялоого, тагыраагы саясий куугунтуктун бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган” деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты