Репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

1918-1953-жылдардагы саясий жана диний ишеними үчүн репрессиянын курмандыктары болгон жарандарды актаган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңеш жалпы жыйында “Саясий, диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукталып, жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архиви жөнүндө” мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул мыйзамды кабыл алуу тарыхый чечим экендигин баса белгиледи:

-Ушуга чейин өз кезегинде адилетсиздиктен жапа чеккен, каза болгон, репрессияга туш болгон ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болсун. Урпактарына жага турган биздин тарыхый чечим болду деп эсептейм. Репрессиянын курмандыктарын кошуналар жылына актап атат. 30 жылдын ичинде биз бул ишти жасаган эмеспиз”деди.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков, Айбек Маткеримов демилгелеген.

Сүрөт: ЖК жыйыны. 27-июнь 2024-жыл. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты